Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Түркмөн бийлиги көчөдө кайыр сурагандарды талаага ишке салууда


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстанда көчөдө кайыр сурап отургандарды талаа жумуштарына салып жатышканын бүгүн 13-майда «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди. Өлкөнүн батыш аймагында жайгашкан Балкан велаятында бийлик тилемчилик кылгандар боюнча рейд жүргүзүп, көзөмөлүн күчөтүп, кармалгандарды, анын ичинде балдарды пахта талааларында иштетип жатканы маалымдалды.

Аты-жөнүн атагысы келбеген жергиликтүү тургундардын бири "Полиция Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларынын көчөлөрүнөн кармап кеткен кеминде 150 киши, анын ичинде кичине балдар, Берекет районунун пахта талааларына жеткирилди", - деп айтып берди.

Жумушчуларга бир күндүк иши үчүн 15 манат (4,5 доллар) убада кылынганы, бул акчаны төлөөгө жерди ижарага алып иштетип жаткан пахта ээлери милдеттендирилди. Көзөмөлдү полиция кызматкерлери жана кыштактын башчылары жүргүзүүдө.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул боюнча расмий маалымат берген жок.

Пахта эгип, жер иштетип жаткан фермерлердин бири айтып бергендей, талаага мындай жол менен алып баргандардан пайдасына караганда зыяны көбүрөөөк болууда, анкени аларда жумуш тажрыйбасы жок. Анын белгилешинче, бийлик кайыр сурагандардын маселесин өзү эмес, ушинтип, жер иштеткен дыйкан ишкерлердин эсебинен чечүүнү көздөөдө.

Талдоочулардын айтымында, соңку жылдары Түркмөнстанда экономикалык абал начарлап, социалдык көйгөйлөр курчуду. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулап, азык-түлүк кымбаттады. Мындай шартта тилемчилик кылгандар, таштанды арасынан тамак-аш издегендер көбөйдү.

Бийлик кайыр сурагандарды президенттин жана өлкөнүн «репутациясын бузуп жатышат» деп айыптоодо.

Эл аралык уюмдар көп жылдан бери түркмөн бийлигин айыл чарбасында жана кездеме токуу тармагында адамдарды күчтөп иштетүүдө деп сындап келишет. Адатта бюджеттик мекемеде иштегендер, аскерлер, абактан чыккан жарандар пахта теримде, жибек өндүрүүдө, пахта тазалоодо эмгектенишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG