Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Катар Газа боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкта экенин билдирди


Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим ал Тани.
Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим ал Тани.

Газадагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик туңгуюкка кептелген абалда экенин бүгүн Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим ал Тани билдирди. Борбор калаа Дохада ачылган экономикалык форумда сүйлөп жатып ал Израилдин Рафахтагы операциясы тынчтык сүйлөшүүлөрүн «артка тартууда» деп айтты:

«Сүйлөшүүлөрдөгү жакшы динамика айрыкча соңку бир нече аптадан бери байкала баштаган, бирок, тилекке каршы, иш туура багытта уланган жок. Азыр дээрлик туңгуюк абалда турабыз. Албетте, Рафахта болуп жатканы бизди артка тартууда».

Борбор калаасы Дохада 2012-жылдан бери ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) саясий кеңсеси жайгашып келаткан Катар өлкөсү Египет жана Кошмо Штаттар менен Газадагы абалды жөнгөрүү боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатат. Алардан азырынча майнап чыга элек.

ХАМАСтын Газадагы бардык турумдарын жок кылмайынча күрөшүн уланта берерин айткан Израил АКШнын толук масштабдуу чабуул баштабоо тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан 13-майда да сектордун түштүгүндөгү Рафах шаарында соккуларын улантты.

Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары билдирип жатышат.

Көптөгөн өлкөлөр Израилди жай тургундарга өтө ырайымсыз мамиле жасап жатат деп айыптоодо, ал эми израилдик аскерлер ХАМАСтын гана инфраструктурасын жок кылып келатканын, согушкерлер элди тирүү калкан катары колдонуп, объектилерин эл көп жашаган жерлерге орнотуп жатканын айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG