Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Бир мандаттуу Свердлов округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды


Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү 30-июнга дайындады. Мамлекет башчынын мындай жарлыгы 16-майда жарыяланды.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы 15-майдагы отурумунда бир мандаттуу округда кайра шайлоо өткөрүүнү президентке сунуштаган.

Бул округда 2022-жылы өткөн шайлоодо талапкер болгон Абдурахманхажи Муртазалиев БШКнын чечимине нааразы болуп, президентти кайра шайлоо дайындоодон баш тартууга чакырган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлоодо баштапкы эсеп боюнча Vуртазалиев эң көп добуш алган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы анын каттоосун жокко чыгарып, буга добуш сатып алуу фактысы негиз болгонун билдирген.

Быйыл февраль айында ал Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК аны канааттандырган эмес. Бул чечимге каршы сотко арыз берип, Бишкектин административдик жана Бишкек шаардык сотунан утуп алган.

Жогорку Сот 30-апрелде Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, аны мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы соттук коллегия андан тышкары БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылганын билдирген. Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылган.

БШК бул окуялардан кийин 7-майда Шайлообек Атазовдун мандатын алган.

Абдурахманхажи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясы ага мандат бербей жатканын айтып Башкы прокуратурага кайрылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абдурахманхажи Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG