Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Орусиянын Башкы прокуратурасы Ходорковский менен Лебедевди сотко берди


Михаил Ходорковский.
Михаил Ходорковский.

Москванын Мещанск райондук соту Башкы прокуратуранын ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси, Орусияда "чет элдик агент" деп таанылган Михаил Ходорковскийге, "Менатеп" компаниясынын мурдагы башчысы Платон Лебедевге жана Сибир лизинг ишканасына каршы доо арызын каттады. Бул тууралуу бейшембиде РБК жана "Интерфакс" агенттиктери соттордун маалымат базасына таянып жазып чыкты. Анда прокуратуранын доо арызы 8-майда түшкөнү белгиленген. Документте арыз Орусиянын кызыкчылыгы үчүн берилгени белгиленип, башка кененирээк маалымат айтылган эмес.

РИА "Новости" агенттигинин жазганына караганда, алгачкы формалдуу отурум 27-майга белгиленди.

ЮКОСтун негиздөөчүсү Михаил Ходорковский "салыктан качкан", "мамлекеттин мүлкүн уурдаган" деген айыптар менен эки ирет кесилип, жалпысынан 10 жыл түрмөдө отурган. 2013-жылы президент Путин ага ырайым берип, абактан бошонуп, Орусиядан чыгып кеткен.

Ходорковскийдин бизнес өнөктөшү Платон Лебедев 10 жыл түрмөдө отуруп, 2014-жылы эркиндикке чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG