Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

Абактагылардын жакындары нааразылыкка чыкты


Бүгүн Бишкектеги Жаза өтөө кызматына караштуу №1 тергөө абагында камакта отургандарын 50-60ка жакын жакындары нааразылык акциясын уюштурду. Алар камакта отурган жакындары тамак-аш менен толук камсыз болбой жатканын жана кармоочу жайдын начар абалда экендигин айтышууда. Мындан тышкары, камактагыларга зордук-зомбулук көрсөтпөөгө чакырууда.

Ново-Покровкадагы №3 түрмөдө жаткандардын элүү чамалуу жакындары да акыркы жагдайлардан улам түрмөнүн айланасында чогулуп турушат. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, алар өтүп жаткан ачкачылык акциясына байланыштуу абактагы жакындарына карата күч колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда.

Жаза өтөө кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, Кыргызстандагы №1, №8 колонияда жаткандардын жакындары да ушундай эле талаптарын билдиришкен экен. Анын айтымында, учурда абактардагы абалды жайгаруу үчүн аракеттер жасалууда. Абактагыларга күч колдонулган жок, тамак-аш өз маалында берилүүдө. Камактагылардын ичинде тамак ичкендери да, андан баш тарткандары да болууда. «Ачкачылык жарыялагандардын жана алардын жакындарынын мыйзамга каршы келбеген талаптарын аткарууга даярбыз», - деди Качкыналиев.

Кыргызстандагы бир катар түрмө жана тергөө жайларындагы ачкачылык акциялары кечээтен бери уланууда. Алардын айрымдары адамдарды камакка алуудан мурда мыйзамдуулук сакталышын, абактагы шарттардын жакшырын талап кылышууда. Ошол эле учурда абактагы бул көрүнүштү Жаза өтөө кызматы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн аракети менен да байланыштырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG