Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Абактардагы ачкачылык токтой элек


Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын Тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Казыбек Үмөтовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өлкө абактарындагы ачкачылык акциялары бүгүн да уланууда. Азыр бул жагдайды сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө аракет жасалып жатат. Абалды жөнгөрүү үчүн эч кандай күч колдонулган жок.

Ошол эле учурда абактагылардын жакындары абалдан кооптонуп, күч колдонулушу мүмкүн деген пикирлерин “Азаттыкка” билдиришүүдө. Мындан улам кечээ бир катар аймактарда абактагылардын жакындары нааразылык акциясына чыгышкан.

Абактардагы ачкачылык акциялары 25-мартта башталган эле. Ачкачылык жарыялагандардын арасында түрмөлөрдө шарт начардыгын айтып, мыйзамдуулук сакталышын талап кылгандары бар. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү абактагы соңку жагдайларды кылмыш дүйнөсүнүн айрым төбөлдөрүнүн аракети катары сыпатташууда. Буга өлкөдө уюшма кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш себеп болгону айтылууда.

Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын жетекчи орун басары Калыбек Качкыналиев абактагылардын жакындары менен ачкачылык жарыялагандардын мыйзамга каршы келбеген талаптарын аткаруу үчүн аракеттер жасаларын 26-мартта “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG