Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Абактагылардын жакындары Ак үй алдына митингге чыкты


Бүгүн ар кыл аймактагы абактарда отурган адамдардын кеминде жүзгө чукул жакындары Жогорку Кеңештин алдында митинг уюштурушту. Алар түрмөлөрдөгү ачкачылык жарыялаган жакындарынын талаптарынын аткарылышын, абактардагы абалдын жакшырышын талап кылышты. Чогулгандар «абактардагы күч колдонууну жана баш аламандыкты токтотуу керек», «мунапыс берилишин талап кылабыз» өңдүү плакаттарды алып жүрүштү.

Митингге чыккандарга Түзөтүү мекемелеринде көзөмөл жүргүзүүчү прокурордун жардамчысы Эмил Базаркулов келип, абалга түшүңдүрмө берди. Анын айтымында, абактагылар түрмөлөрдөгү шарттарга нааразы эмес, ошентсе да тамактан баш тартышууда. Мындан тышкары, абактагылар расмий түрдө талаптарын билдирише элек.

Кыргызстанда бир катар абактарда 25-марттан бери ачкачылык акциялары өтүп жатат. Ачкачылык жарыялагандардын көпчүлүгү кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдарды камакка алуу учурунда мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылышууда. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү абактагы соңку жагдайларды кылмыш дүйнөсүнүн айрым төбөлдөрүнүн аракети катары сыпатташууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG