Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Ирандагы режимди алмаштыруу өлкө элинин эркиндеги иш


Вашингтондо Иран өкмөтүн алмаштыруу ниети жок. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик департаменттин курал-жарактарды жайылтпоо жана көзөмөлдөө боюнча атайын кеңешчиси Роберт Айнхорн 28-мартта жасады: “Бизге Тегерандагы азыркы режим жакпашы мүмкүн. Бул факт: бизге Тегерандагы бийлик жакпайт. Биз бирок Иран эли азыркы режим өзгөрүш керек деп чечкенде, бу режим Иран эли тарабынан өзгөртүлөт деп ишенебиз”.

Айнхорндун сөзүнчө, АКШнын саясатынын максаты Ирандын өзөктүк активдүүлүгүн, адам укугуна болгон мамилесин жана террорчул топторду колдоосун өзгөртүүгө багытталган. Айнхорн бул билдирүүнү Өзөктүк саясат боюнча Вашингтондо өткөн эл аралык конференцияда жасады.

XS
SM
MD
LG