Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

"Фукусима" АЭСи кооптондурууда


Жапониянын премьер-министри Наото Кандын айтышынча, “Фукусима” өзөктүк станциясындагы кризиске байланыштуу жапон өкмөтү “максималдуу кооптонуу абалында” турат. Наото Кан 29-мартта Жапон парламентинде сүйлөп, АЭСтин жер титирөөдө жабыркаган реакторлорундагы кырдаал кандай өзгөрөөрү белгисиз калып жатканын да белгиледи. АЭСтин алты реакторунун муздатуучу системасын кайра ишке киргизүү аракети радиоактивдүү нурлануу ашыкча бийик болгонго байланыштуу токтотулган. 28-мартта бийликтер бөлүнгөн плутоний кыртышка да таасир эткенин билдиришкен. 11-марттагы кубаты 9 баллдык жер тербетүү менен коштолгон цунами бери дегенде 11 миң адамдын өмүрүн жалмаган. Дагы миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон.

XS
SM
MD
LG