Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:11

"Фукусима" АЭСи деңиз суусун нормадан ашыкча булгады


Жапониянын өзөктүк жана өнөр-жай коопсуздугу агенттигинин маалымдашынча, “Фукусима” атомдук станциясынын № 1 реакторунун жанындагы деңиз суусунда радиоактивдүү иод нормадан 3355 эсе көп экенин маалымдады.

Бирок агенттиктин башчысы Хидехико Нишияма радиоактивдүү деңиз суусу бул аймактагы элдин ден соолугуна таасир этпейт, анткени учурда деңизде балык кармоо токтотулган деди.

11-марттагы жер тербетүүдөн жана цунамиден зыян тарткан алты реактордун муздаткыч системаларын калыбына келтирүү иштери радиоактивдүү заттар абага, сууга, деңизге агып кеткенден улам токтотулган.

Премьер-министр Нато Кан 29-мартта АЭСте кырдаал оор экенин билдирген. Парламенттин кээ бир оппозициячыл мүчөлөрү Канды элди кооптуу аймактан көчүрбөй жатат деп сындашты. Ал эми Кандын сөзүнчө, азыр 130 миң адамды көчүрүү боюнча масилээт жүрүүдө. Мурда 70 миң адам көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG