Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

“Ата Журттун” депутаты партиялаштарынан токмок жегенин ырастады


Борбордук шайлоо комиссиясынан депутаттык мандатты 25-мартта алган, улуту боюнча дунган Бахадыр Сулеймановдун бүгүн “Аки-пресс” агенттигине билдиргенине караганда, ал азыр мээси чайкалып, шаардык ооруканалардын биринде жатат.

Депутаттын айтымында, анын ооруканага түшүшүнө негиз берген окуя 31-мартта парламент төрагасы Акматбек Келдибековдун иш бөлмөсүндө болгон.

Бахадыр Сулеймановдун ырастоосунда, ал “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин депутаттык мандатты өткөрүп берүү талабын орундатуудан баш тарткандан кийин токмок жеген. Сулеймановдун сөздөрүнө караганда, ага “Ата Журттун” фракция башысы Камчыбек Ташиев менен бул фракциянын дагы бир депутаты Талант Мамытовдун колу тийгендей. Ал “Аки-пресстин” кабарчысы менен маегинде бул факт боюнча Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылганын жана коопсуздугун камсыздап берүүнү өтүнгөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибековдун басма сөз катчысы Асел Алиева 24.kg кабар агенттигине төраганын иш бөлмөсүндө жаңжал болгонун ырастаган, бирок төраганын ага эч тиешеси жоктугун жана Бахадыр Сулеймановду эч ким токмоктобогондугун билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG