Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Ош шаарына газ толук өлчөмдө келе баштады


Бул тууралуу Ош шаардык басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Өзбекстан тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушул тапта Ош шаарына саатына 2-3 миң куб газ келүүдө. Жылуулук берүүчү буу казандар жылытуу мезгили аяктаганына байланыштуу иштерин токтотуп, газ иштетүүнүн көлөмү төмөндөдү.

Март айынын башында Өзбекстандан Ош аймагына келе турган газдын көлөмү 50 пайызга чейин азайып кеткен. Бул газга болгон карыздын өсүп кеткени менен түшүндүрүлгөн. Ушул тапта Ош шаарынын тургундарынын газга болгон карызы 64 млн. сомду түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG