Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Расмий Вашингтон Каддафинин катын четке какты


6-апрелде Ак үй Ливия лидеринин катына "Муаммар Каддафи айткан сөзү үчүн эмес, бейкүнөө адамдарга көрсөткөн зордук-зомбулугу үчүн" жооп берерин билдирди.

«Мырза Каддафи эмне кылууга милдеттүү экенин жакшы түшүнөт деп ойлойм. Ок атышууну токтотуп, адам өмүрүн алуу жана зордук-зомбулук менен басып алган шаарлардан аскер күчтөрүн алып кетиши керек. Анын бийликтен жана Ливиядан чыгып кетиши тууралуу чечим кабыл алуу алдыда турат», деп билдирди мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон.

Бир нече апта мурда президент Обама Ливиядагы ок атышууну басуу «сөздөн эмес иштен жана зомбулукту токтотуудан» көз каранды экендигин билдирген.

Шаршембинин таңында НАТО Ливиядагы карапайым адамдарды коргоого бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга убада берди.

Ал ортодо козголоңчулардын маалымат катчысы «каддафичилер» Мисурата шаарына үч күн кол салгандан кийин өлкөнүн чыгышындагы кара май өндүрүү токтоп калгандыгын айтты.

НАТО өткөн жумада Ливиядагы аскерий операцияларга катышып жаткан эл аралык күчтөргө жетекчиликти өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG