Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Талиптер Кандагарда полицияканага чабуул жасады


7-апрелде таң эртелеп Ооганстандын Кандагар шаардык полицияканасына согушчандар тобу кол салды. Бийликтердин маалымдашынча, башкалары аткылашып жатканда үч жанкечти өздөрүн бомба менен кошо жардырып жиберген. Провинциянын полиция акими Хан Мухаммад Мужахид алты аскер окко учканын билдирди.

Согушчандар америкалык аскерий тикучарлар жана аскерлердин жардамы менен артка чегиндирилди.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды жана полициякананын ичине төрт жоокери кирип барганын билдирди. Жергиликтүү эл шаардын четиндеги полициякананын ичинен бомбанын жарылганы жана автоматтын үндөрү бир кыйлага чейин угулуп турганын айтышты.
Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясы талиптердин жабыт жайы саналат.

XS
SM
MD
LG