Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Бардык облустарда 7-апрелдеги окуя эскерилди


Бүгүн Кыргызстандын бардык облустарында 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон кандуу окуя эскерилди. Талас, Кара-Кол, Баткен, Нарын, Ош, Жалал-Абад шаарларында маркумдарды эскерген түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, куран окулду. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде "Апрель окуялары жана анын коомдогу орду" аттуу илимий конференция уюштурулду. Караколдун Пристань айылында маркумдарга арналып эстелик тургузулду. Бардык дубан борборлорунда 7-апрелде окко учкандарды эскерген жыйын өткөрүлдү. (IJz)

XS
SM
MD
LG