Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

ЕККУнун элчилери Кыргызстандагы кырдаалга баа беришти


ЕККУнун элчилери Кыргызстандагы кырдаал жакшырып калганын бүгүн бул уюмга мүчө мамлекеттердин 17 адамдан турган элчилер тобу президент Роза Отунбаева менен жолугушуу маалында билдиришти.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кыргыз тараптан жолугушууга президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев, президенттин аппаратынын стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев, тышкы иштер министринин орун басары Туратбек Жунушалиев сыяктуу бийлик өкүлдөрү да катышты.

Литванын БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардагы элчиси Ренатас Норкус Кыргызстандагы оң натыйжалар - абалдын турукташкандыгынан кабар берип тургандыгын айтты. ЕККУ элчилери мындан ары да Кыргызстанга бир катар багыттар боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтө берерин билдиришти. (IJz)

XS
SM
MD
LG