Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Түштүк Африканын репрессиячыл режимдерге курал сатканы ашкереленди


Йоханнесбургдан келген кабарга караганда, Түштүк Африка өкмөтү дүйнөдөгү өтө репрессивдүү өлкөлөргө миллиондогон долларга курал сатканы жөнүндө документтер ачыкка чыкты.

Түштүк Африка, маалыматка ылайык, Лондондогу Economist Intelligence Unit борборунун демократияны аныктаган индекси (Democracy Index) кыпындай да демократия жок деген 10 өлкөнүн бешине курал саткан. Ошондой Глобалдуу тынчык индекси (Global Peace Index) эң тоталитардуу деп тапкан 25 мамлекеттин онуна да каруу-жарак саткан. Йоханнесбургдун кардарлары арасында Алжир, Азербайжан, Бахрейн, Бурунди, Кытай, Экваториалдык Гвинея, Гвинея Биссау, Ливия, Пакистан, Сауд Арабиясы, Сирия, Тунис жана Йемен бар.

XS
SM
MD
LG