Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Маараке күнү Польша-Орусия мамилеси кайра осолдоду


Польшалыктар Орусиянын Смоленск шаарындагы аба кырсыгында өлгөн мекендештеринин бир жылдыгын эскеришүүдө. Былтыр 10-апрелде Польша президенти башындагы ондогон мартабалуу өкмөттүк адамдар түшкөн учак кыйроого учуруп, 96 киши набыт болгон.

Бүгүн Варшава чиркөөсүнө президент Бронислав Комаровский баш болгон мамлекет жетекчилери шам коюп, маркумдарды эскеришти.

Мааракелик маанайга Смоленскиде учак кыйраган жерге коюлган поляк тилиндеги жазма көрнөктү облустук бийликтин эки тилдүү көрнөккө алмаштырып койгону дак салды. Орусча көрнөктө польшалык делегация 1940-жылы совет бийлиги тарабынан Катында өлтүрүлгөн 22 миң польшалык аскерди эскерүү аземине баратып, балакетке кабылганы жөнүндөгү жазуу түшүп калган. Ошондуктан президент Комаровский 11-апрелде Орусияга барганда Смоленскидеги эскерткичке гүл чамбар койбой турганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG