Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Египетте мурдагы президентти суракка чакырышты


Прокуратуранын билдиргенине караганда, Хосни Мубарак жана анын эки уулу өкмөткө каршы быйыл кыштагы демонстрациялар учурундагы адамдардын өлүмү жана бюджеттик каражаттардын жок кылынышы боюнча сурак берүү үчүн чакыртылды. Бул маалыматтын чыгышына тушташ мурдагы президент өзү да билдирүү жасап, анын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду негизсиз деп атады. Бюджеттик каражаттардын жок кылынышы боюнча жүрүп жаткан тергөө иштеринин алкагында Египеттин прокуратурасы мурдагы премьер-министр Ахмед Назифти он беш күнгө камакка алды.

Бул аралыкта борбор Каирдин Тахрир аянтына кечээ жүздөгөн демонстранттар кайрадан чогулду. Алар Египеттеги утурумдук бийликтин башчысы, аскерий кеңештин төрагасы маршал Мохамед Хуссеин Тантавинин кызматтан кетишин талап кылышты. Мунун алдында ишемби күнү аскерлер демонстранттарга каршы күч колдонгондо кеминде бир адам өлүп, жетимиштей киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG