Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Франция, Британия: НАТО Ливияда чечкиндүү аракет көрбөй жатат


Франциянын тышкы иштер министри Ален Жүппе карапайым ливиялыктарды Каддафинин күчтөрүнөн коргоодо НАТО жетиштүү аракет көрбөй жаткандыгын француз үналгысына берген маегинде билдирди.

Келаткан бейшемби, жума күндөрү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Берлинде жолугуп, Ливиядагы кырдаалды талкуулайт.

Дүйшөмбүдө ливиялык козголоңчулар Африка биримдигинин ортомчулары сунуштаган туңгуюктан чыгуу планын кабыл алган жок. Алардын бирден бир талабы – Муаммар Каддафинин бийликтен кетирүү экенин дагы эскертишти.

Учурда Лондондо башпаанек сурап жүргөн Ливиянын мурдагы тышкы иштер министри Муса Куса анын өлкөсү Сомали сымал атуулдук согуштун алдында тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG