Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Египетте мурдагы президенттин эки баласы кармалды


Мамлекеттик сыналгынын кабарына караганда, мурдагы президент Хосни Мубарактын эки уулу: Алла менен Гамал кеминде 15 күнгө камакка алынды. Египет бийликтери учурда Мубарак режиминдеги коррупция боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Андыктан мурдагы президенттин балдары прокуратурага казынанын акчасын уурдаган жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар боюнча сурак берүү үчүн чакыртылган.

Мунун алдында кечээ прокуратура мурдагы президенттин өзү да чакырып, бирок сурак учурунда жүрөгү кармаганына байланыштуу ал ооруканага түшкөн. Мубарак жүздөгөн демонстрантардын өлүмү жана бюджеттик каражаттардын жоготулушу боюнча сурак бермек. Мамлекеттик сыналгынын кабарына караганда, 82 жаштагы Мубарак азыр Кызыл деңиз жээгиндеги Шарм эл-Шейх шаарынын ооруканасында. Ал бир нече күнгө созулган элдик толкундоолордун натыйжасында, 11-февралда бийликтен кетүүгө аргасыз болгондон бери ушул шаарда, үй камагында жашап жаткан. Анын саламаттыгы боюнча эки ача маалымат түшүүдө.

Египеттин расмий МЕНА агенттиги жүрөгүнөн приступ болгон Мубарак реанимацияда экендигин кабарласа, башка маалыматта анын саламаттыгы тергөөчүлөргө ооруканадан сурак бергенге жарай тургандыгы айтылат.

XS
SM
MD
LG