Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Июнь окуясы боюнча 200дөн ашык кылмыш иши сотко жиберилди


Бул тууралуу Башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул кылмыш иштери боюнча жалпы 311 адам кылмыш жообуна тартылууда. 200дөн ашык иштин ичинен 151 иш сот тарабынан каралып, өкүм чыкты.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуяларга байланыштуу жалпысынан 5511 кылмыш иши ачылган. Алардын ичинен 531 иш адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон. Мындан тышкары адамдын денесине оор жаракат келтирүү, зордуктоо, объектилерди өрттөө, адам уурдоо боюнча ачылган кылмыш иштери бар. Азыр бул иштер боюнча тергөө амалдары уланууда.

Кечээ президенттин төрагалыгы астында укук коргоо органдарынын, күч структураларынын жетекчилеринин, сот органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген отурум өтүп, анда 2010-жылдын июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жана соттук териштирүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маселе каралган. Отурумда июнь коогасына күнөөлүү адамдарды аныктоо боюнча оперативдүү жана тергөө иш-чараларынын натыйжалуулугун арттыруу зарылдыгы белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG