Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Минскидеги "террордук жардырууну" айыптады


БУУнун Коопсуздук Кеңеши Беларустун байтакты Минскинин метросунда болгон жардырууну “террордук чабуул катары” сыпаттап айыптады. 11-апрелде Минск метросунун бекеттеринин биринде бомба жарылып, 12 киши курман болгон, 150дөй адам жараат алган. Бомба чабуулун ким уюштурганы белгисиз болгондуктан, Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрү аны “террордук чабуул” деп түз аташпаганы дипломаттык булактарга шилтеп кабарланды. Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү жасаган кайрылууда бардык өлкөлөрдө терроризмге каршы чаралар адам укугун сактоо боюнча эл аралык мыйзамдардын алкагында өтүүгө тийиш деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG