Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:07

Премьер-министр Ош облусунда эл менен жолугушат


Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, премьер-министр Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Өкмөт башчы бул сапардын алкагында июнь коогаларынан кийин курулган имараттар менен таанышып, аймак калкы менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары Ош аймагында жерге муктаж болгондордун маселесин карайт. Жумушчу сапар эки күнгө созулат. Буга чейин Атамбаев январь айында Ошко барып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG