Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

“Ар-намыстын” он депутаты коалицияга кошулууну чечти


Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашкандай, “Ар-намыс” фракциясынын 10 депутаты парламенттеги көпчүлүктү түзгөн “Биримдик жана өнүгүү” коалициясына кошулуу тууралуу катын премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жөнөтүштү. Алар Анвар Артыков, Замир Бекбоев, Эсенгул Исаков, Каныбек Иманалиев, Абдырахман Маматалиев, Токон Мамытов, Кожобек Рыспаев, Камила Талиева, Нурлан Төрөбеков, Талантбек Узакбаевдер болуп саналат. Бул депутаттар Кыргызстандагы азыркы саясий абалды, өкмөттүн адындагы жоопкерчиликти эске алуу менен ушундай чечим кабыл алыганын билдиришүүдө.

Бул маалыматты аталган фракциядан депутат Анвар Артыков да “Азаттыкка” тастыктады.

Парламенттеги 120 депутаттын ичинен “Ар-намыс” фракциясында 25 депутат бар. Өткөн жылдын декабрь айында “Ата-Журт”-“Республика” жана КСДП фракциялары биригип, парламентте коалиция түзүлгөн. Ага жалпы 77 депутат кирет. (KKs)

XS
SM
MD
LG