Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

16-апрелде жаан-чачын күтүлөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 16-апрелде жаан жаайт. Тоолордо кар түшөт, айрым жерлерде мол жаайт. Кээ бир райондордо күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4 градус болмокчу.

Бишкек шаарында жаан жаайт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9 градус жылуу, күндүз 14…16 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG