Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

БЭК партиясы президенттик шайлоого талапкерин көрсөтөт


Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн таратылган маалыматка караганда, 16-апрелде БЕК партиясынын курултайы өтүп, анда партия перзиденттик шайлоого катышары белгилүү болду. Бирок президенттикке талапкер катары партия кимди чыгараары ачыкталган жок.

Курултайда буга чейин партияны жетектеп келген Муратбек Мукашевдин төрагалыктан бошотуу тууралуу өтүнүчү канааттандырылды. Анын ордуна өлкөнүн түштүк аймагы боюнча Руслан Бекназаров, түндүк боюнча Нурлан Чолоевдер тең төрага болуп шайланды.

Буга чейин мамлекет башчы Роза Отунбаева президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрь айынан кеч калбай өтүшү керектигин билдирген. (KKs)


XS
SM
MD
LG