Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:37

Жер титирөөгө даярдык маселеси талкууланат


Мамлекеттик курулуш агенттиги өлкөдө жер титирөө болуп кетсе, ага карата мамлекеттин күчү жана мүмкүнчүлүгүн талкуулайт. Агенттиктин илимий-техникалык кеңешине кирген Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргызстан илимдер академиясы, Борбор Азиялык жерди иликтөө институту жана Кыргыз-Орус (Славян) институтунун өкүлдөрү ар кандай табийгый кырсык болуп кеткен учурда колдонулган эл аралык, улуттук ыкмалар каралып, талкууланат. Ошондой эле жыйында Чүй, Ош облустары, Бишкек шаары боюнча мектеп, интернат, бала бакча, ооруканалардын сеймикалык жактан туруктуулугу боюнча отчету угулат.

Жергиликтүү сейсмологдор Кыргызстанда 2008-2025-жылдар аралыгында 5-8 баллдык жер титирөө болушу ыктымалдыгын, ага Бишкектин жаңы конуштарындагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей турганын айтып келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG