Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Cирияда чукул кырдаал жоюлду


Cирияда анти-өкмөттүк демонстрациянын катышуучуларына каршы ок атылды. Маалымат булактарынын күбөлөргө шилтеп кабарлашынча, октон бир адам набыт болду.
Өлкөдөгү үчүнчү чоң шаар Хомстун борбордук аянтына чогулган эл Башар Асад президенттиктен кетмейин, алар үйлөрүнө тарап кетпей турганын кайра-кайра эскертишүүдө, дешет күбөлөр.
Бүгүн (19-апрелде) Сирияда узак жылдардан бери күчүндө болуп келген чукул кырдаал алынып салынганы ырасмий түрдө жарыя кылынды.
Адам укугун коргоочулардын ырасташынча, бир ай мурдараак Сирияда бийликтин алмашуусун талап кылган элдик чыгуулар башталгандан бери коопсуздук күчтөрү менен кагылыштыг айынан 200дөй киши набыт болгон.
Сириянын Ички иштер министрлиги толкундоолор үчүн “салафийлердин аскердик канатын” күнөөлөдү. Салафийлерди көпчүлүк арап өкмөттөрү “ал-Кайида” сыяктуу эле террорчул уюм деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG