Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:23

Нигериядагы тополоңдо ондогон адамдар өлдү


Нигериядагы шайлоодон кийинки массалык башаламандыкта ондогон адамдар набыт болду, миңдеген тургундар үйлөрүн таштай качууга мажбур болушту. Окуя өлкөнүн түндүгүндө, мусулмандар жыш отурукташкан аймакта болду. Алар президенттик шайлоодо кайра эле христиан динин тутунган, түштүктөн чыккан президент Гудлак Жонатан утканына нааразы болуп жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп ишенишет. Башаламандык учурунда үйлөр, чиркөөлөр, полициянын имараттары өрттөлдү. Шайлоодо Гудлак 57% добуш топтогон эле. Анын негизги атаандашы, мусулман талапкер Мухаммад Бухари 31% добуш алган. Байкоочулар болсо өткөн аптадагы шайлоону жалпысынан талаптарга жооп берди деп баалашкан. Мунайга бай Нигерия Африкадагы калкы эң көп өлкө катары белгилүү. Анын 150 млн.элинде түштүк-түндүк болуп бөлүнүү күч.

XS
SM
MD
LG