Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Каддафи өкөмтү Лондондун планын айыптады


Каддафинин өкмөтү Ливиянын чыгышына аскерий кеңешчилерин жиберүү жөнүндөгү Лондондун планын айыптады. Ливиянын тышкы иштер министри Абдул Ати ал-Обейди британ миссиясын жөнөтүү кармашуулардын узарышына гана алып келет деди. Британ тышкы мекемесинин жетекчиси Уильям Хагдын айтымында, ливиялык козголоңчуларга уюштуруу, логистика, коммуникациялар жагынан жардам берүү үчүн офицерлер тобун жиберүү ниетин билдирген эле. Министр алар оппозициянын аскерлерин машыктырууга же курал-жарак менен жабдууга тартылбайт деп баса белгиледи. Ал аралыкта Франциянын президенти Ливия козголоңчуларынын Улуттук өткөөл кеңешинин төрагасы Мустафа Абдел Жалил менен Парижде жолугушууда. Жалил логгистикалык жардам алуу максаты менен Европа өлкөлөрүн кыдырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG