Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:02

«Чөөнүн сааты» китебине байланыштуу кылмыш иши козголду


Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылдагы июнь окуяларына байланыштуу “Мыкаачылыктын философиясы. Чөөнүн сааты” жана “Мыкаачылыктын философиясы. Тукум курут уланууда... Чөөлөр кете элек” деген аталыштагы китептер компакт-дисктери менен чет өлкөдө чыгарылганын аныктаган. Материалдарды талдоо үчүн түзүлгөн атайын адистерден турган комиссия бул китепте июнь окуялары бир тараптуу чагылдырылган деген жыйынтыкка келишкен. Натыйжада Кылмыш кодексинин улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Мындан улам Башкы прокуратура бул китептердин Кыргызстандын аймагында чыгарылышына тыюу салуу өтүнүчүн сотко жөнөттү. Атлаган кылмыш иши УКМКга иликтөө үчүн жөнөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG