Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Депутаттык комиссия Акыйкатчы институтунда мыйзам бузуу болгонун аныктады


Акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бегматов парламентте корутундусун жарыялап, Акыйкатчы институтунда мыйзам бузуулар болгону тастыкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, акыйкатчы институтунда алтымышка жакын кызматкер негизсиз кызматтан алынган жана институтка бөлүнгөн каражаттар максатсыз сарпталган. Мындан улам комиссия Турсунбек Акундун жана анын орун басарынын кызматтарына ылайыктуулугун кароо сунушун билдирүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул дооматтардын негизсиздигин белгилеп, анын күнөөсүн сот гана чече аларын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG