Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Биолабораториянын курулушуна каршы кол топтолууда


«Кыргызстан жаштары» кенешинин мүчөсү Перизат Рысбек кызынын «Азаттыкка» билдиришинче, демилгечи жаштар Бишкекте биологиялык лабораториянын курулушуна каршы кол топтоону башташты. Алар биолабораторияда сактала турган вирус, бактериялар шаарга коркунучу туудурат деп айтышууда. Натыйжада демилгечи топ кеминде он миңге жакын адамдын колун топтоп, лабораторияны курбоо талабы менен бийлик өкүлдөрүнө кайрылганы турат.

Буга чейин долбоордун координатору Рысбек Нургазиев Кыргызстандагы башка лабораториялардын абалы начар болгондуктан бул лаборатория курулушу керектигин, анын иши жарандарга эч кандай зыянын тийгизбей тургандыгын билдирген болчу. Ошол эле учурда бир катар депутаттар да лабораториянын курулушун жактап чыгышкан.

Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда. Долбоорго ылайык, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында жайгашат. (KKs)

XS
SM
MD
LG