Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Майлы-Сууда мурдагы мэрдин келишин талап кылынууда


Бүгүн Майлы-Суу шаар мэриясына 40 чакты шаар тургуну жана шаардык кеңештин бештей депутаты келишип, мурдагы мэр Тургуналы Ариповдун кызматта калышын талап кылышты. Алар шаарга премьер-министр келип, түшүндүрмө бериши керектигин билдиришүүдө. Чогулгандар өкмөткө талаптарынын аткарылышы үчүн үч күндүк мөөнөт беришти. Бул маалыматты Майлы-Суу шаар мэриясынын кызматкери Расул Мамбеталиев «Азаттыкка» тастыктады.

21-апрелде премьер-министрдин буйругу менен Тургуналы Арипов Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу мэринин кызматынан бошотулган. Анын ордуна дагы бир буйрук менен Ырысбек Ызабеков шаар мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Соңку жагдай боюнча Ырысбек Изабеков жана мурдагы мэр Тургунаалы Арипов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG