Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Өзбекстан Кытайга ыктоодо


Расмий Ташкендин өкүлүнүн пикиринде, Өзбекстан Европа Биримдигине ык салганын коюп, Кытай менен соода байланышын жакшыртканга аракет кылат. Анткени, “кээ бирөөлөр (ЕБ өлкөлөрү) Өзбекстанды каралап, бизге каршы санкция колдонгонго аракет кылды”, - деп түшүндүрдү Өзбекстандын тышкы иштер министри 22-апрелде.
Рустам Азимовдун Ташкендеги маалымат жыйынында айтышынча, Өзбекстанга чийки заттарын сатканга саясый доомат айтпаган ишенимдүү базар керек.
”Ташкен Өзбекстанды урматтап-сыйлаган Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү менен мамилесин чын дилден эки жактуу негизде өнүктүрө берет”, - деген Азимов андай өлкө катары Германияны атады.
Өзбекстандын тышкы иштер министри мындай билдирүүнү президент Ислам Каримовдун апта башында Кытайга жасаган визитине байланыштуу пресс-конференцияда жасады. Визит маалында эки мамлекет ортосунда миллиарддаган долларлык келишимге кол коюлган.

XS
SM
MD
LG