Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

“Хизб-ут Тахрирдин” аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюмунун аялдар канатанын бир мүчөсү деп шектелип Сокулук районунун 38 жаштагы тургуну кармалды. Ошондой эле Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашаган 29 жаштагы аял “Хизб-ут-Тахрирге” тиешелүү делген 5 китеп менен укук коргоо кызматкеринин колуна түштү. Бишкек четиндеги дагы бир жаңы конушта ““Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюмунун аялдар канатанын лидери делген 51 жаштагы жаран, экстремисстик маанайдагы 8 китеп менен кармалды. Ушундай эле маанайдагы 7 китеп, 8 брошюра жана 14 баракча Ала-Тоо жаңы конушунда жашаган 41 жаштагы аялдын үйүнөн табылды. Учурда бул адамдар камакка алынып, иликтөө иштери уланууда. Табылган китептер боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG