Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Сирияда снайперлердин огунан алты адам каза тапты


Бул тууралуу кечээги демонсрацияда ок жегендерди акыркы сапарга узатып жаткандар билдиришти. Алардын ырастоосунда, бүгүн борбор Дамасктын чет жакасындагы Дума районунда кечээ мерт болгон демонстранттарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышып жаткандарды көздөй имараттардын чатырында турган снайперлер ок чыгарган. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Изра деген шаарда активисттердин айтымында, бүгүн коопсуздук күчтөрүнүн огуган эки адам каза тапкан. Бирок бул маалыматтар башка булактар тарабынан ырастала элек. Кечээ каза тапкандлар акыркы сапарга узатылып жаткандыктан Сирияда бүгүн жаңы кагылыштар болушу мүмкүн деп да күтүлүүдө.

Президент Башар Ассадын бийлигине каршы кечээги демонстрация кан эң көп төгүлгөн күн болуп калды. Кабарларга караганда, коопсуздук күчтөрү 90дой демонстрантты атып салган. АКШ президенти Барак Обама, БУУнун башка катчысы Пан Ги Мун Сирия бийликтеринин аракетин кескин айыпташты.

Бул аралыкта демонстранттардын өлтүрүлүшүнө нааразылык билдирип бүгүн Сирия парламентинин депутаты Халил аль-Рифаи кызматтан чегинди. Ал парламенттин мандаттан баш тарткан экинчи депутаты болду. Мурда ушундай эле кадамга Насер аль-Харири ысымдуу депутат да барган. Мандаттан баш тарткан эки депутат тең парламентке түштүктөгү Дераа шаарынан келишкен эле.

XS
SM
MD
LG