Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Кылмыштуулук идеологиясын тараткандарды жоопко тартуучу мыйзам каралууда


Кыргызстанда уюшма кылмыштуулуктун идеологиясын жана салтын жайылткандарды жоопко тартуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатканын бул долбоорду сунуштаган депутат Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кылмыш кылганга чейин камакка алууга болбойт. Жаңы каралып жаткан мыйзам долбоору мындай топтордун мүчөлөрүн кылмыш кылганга чейин эле жоопко тартканга мүмкүнчүлүк берет.

- Биз киргизип жаткан мыйзамда кылмыш кыла электе эле элге кас, зыяндуу идеологияны түзгөндүгү үчүн адамдар кылмыш жообуна тартылат деп турат, - деди “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Текебаев.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоор жума күнү Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Мыйзам күчүнө кириши үчүн парламентте экинчи, үчүнчү окуудан өтүшү керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG