Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Ливиянын Мисрата шаарын аткылоо уланууда


Мисратаны соңку эки айдан бери камалап келген Муаммар Каддафинин күчтөрү бул жердеги операциясын токтотту деген мурдагы жарыяларга карабай, күбөлөр менен козголоңчулардын айтымында, шаардын чет жакасын ракета менен аткылоо уланууда. Мисурата өлкөнүн батыш тарабынан басымдуу бөлүгү козголоңчулардын көзөмөлүндө турган жалгыз ири шаар.

Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халид Каимдин айтымында, армия Мисуратадагы операциясын токтотуу менен бирге бул жердеги жаңжалды сүйлөшүү же күч колдонуу аркылуу чечиш үчүн жергиликтүү урууларга калтырды. Козголоңчулар операция токтогону жөнүндөгү жарыяны алдоо катары баалашты. Адам укугун коргоочуларддын эсебинде, Мисратадан эки ай ичиндеги уруштардан кеминде 1000дей адам каза тапкан.

Бул аралыкта америкалык сенатор Жон МакКейн АКШ администрациясы аба соккуларын күчөтүүгө чакырып, туңгуюктун узакка созулуп кетиши урушка аралашууга “ал-Каиданы” да азгырышы мүмкүндүгүн айтты.

XS
SM
MD
LG