Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Сирияда өкмөттүн оппонеттери камалып жатат


Бул тууралуу адам укугун коргоочу активисттер билдирүүдө. Алардын айтымында, президент Башар Ассадын режимине каршы чыккандардын ушул жума күнкү демонстрациясы кан төгүү менен басылгандан кийин коопсуздук күчтөрү ондогон адамдары камакка алды. Өткөн түнү камалгандардын арасында Демократияны, Эркиндикти, Адам укуктарын коргоо комитети деген уюмдун башчысы Даниэл Сауд да бар.

Бул аралыкта эл аралык Хьюман Райтс Уочт уюму БУУну Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн акыркы эки күндө кеминде 120 адамдын өмүрүн кыйган аракеттери боюнча иликтөө баштоого чакырды.

Президент Башар Ассадын режимине каршы бешинчи апта уланып жаткан толкундоолор учурунда укук коргоочулардын эсебинде, 300дөн ашуун киши каза тапкан. Бул аралыкта Британия кырдаал тез курчуп бара жаткандыгын белгилөө менен британ жарандарын коммерциялык каттамдар бар кезде Сириядан чыгып кетүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG