Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:14

Чекисттер Байболовго ачык кат жолдоду


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлери жана офицерлери мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовго ачык кат жолдошту. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кайрылуу ээлери Байболовдун УКМКны дайым «кылмыштуу уюм», тоталдык тыңшоо жүргүзгөн «гестапо» катары баалап, атайын кызматтагылар саясатташып кеткендигин дайым жарыялап келатканына нааразы болушкан. Ошондой эле мурдагы баш прокурорду эч кандай далилдери жана фактылары жок сүйлөп атат деп сындашкан. Ардагерлер жана офицерлер органдардан кеткен бир да чекист таарынычы канчалык күч болсо да Байболов сыяктуу айып тагууга чейин барбаганын белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG