Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 26-апрелде дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 7 …12, күндүз 19…24 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз 7…12 градус жылуу болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 25…27 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG