Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Хамид Карзай Ооганстанды региондун “кургактагы көпүрөсүнө” айлантуу боюнча 2001-жылдан бери “бөпөлөп жүргөн” тилегин кайрадан мекендештеринин эсине салды.

Хамид Карзай 2001-жылдын декабрында убактылуу Ооган өкмөтүн жетектегенден тарта өлкөсүн регион аралык сооданын “кан жолуна” айлантууга ынтызар экенин үзбөй айтып келет. Эгер Гиндукуш тоосунун этегиндеги калабалуу аймакта соода жолу ачылса, Кытай, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Борбор Азия каттамы жакшырмак. Бул алкакта дүйнө калкынын үчтөн бири жашайт.
Ооганстандык балдар Кабылдын четиндеги убактылуу лагерде. 14-май 2009


Береги идея ишке ашса Ооганстандагы тынчтыктын орношуна жана экономикалык өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлүп, тышкы жардамдын кереги жок болуп калмак деп ишенишет көпчүлүк оогандар.

Бирок талиптер менен “ал-каидачылар” Батыш колдогон Ооган өкмөтүн төңкөрчүдөй болуп, Пакистан бийликтерине да тынчтык бербей турган шартта, Карзайдын тилеги орундалчудай эмес.

Ооганстан менен Пакистандын калкы жана чарбасы экстремисттерден жапа чегип жатканын президент Карзай өзү да Экономикалык кызматташуу боюнча 13-майда Исламабадда өткөн ири эл аралык конференцияда мойнуна алды:

- Согушчандар менен террорчулардын мыкаачылыгынан улам Ооганстан жана Пакистандын айрым бөлүктөрүнөн жүз миңдеген эркектер, аялдар жана балдар там-жайларын таштап кетүүгө мажбур болушууда.

Экстремисттер ошентип АКШ жана анын батыштык союздаштарынын регионалдык кызматташууну жакшыртуу боюнча сегиз жылдан берки аракетин текке кетирүүдө.

Карзай Исламабаддагы жыйында начар инфраструктара жана коопсуздук күчтөрүнүн чабалдыгы да Ооганстандын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жатканын айта кетти.

Ооганстан менен Тажикстанды бириктирген көпүрөөнүн курулушу региондогу өз ара кызматташуу үчүн жакшы үлгү болорун АКШнын Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер жакында “Азаттыкка” берген интервьюда айткан: (Бул Батыш менен Улуттар Уюмунун орток долбоору).

- Силерде Алматыдан Карачиге чейин созулган даңгыр жол бар. Биз улуттук өкмөттөр менен соода чөйрөсүн жөндөө боюнча сүйлөшүүдөбүз. Бул адамдардын соодалашуусун жана деңизге чыгуусун мүмкүн кылмак. Аткарылчу башка да иштер көп. Биз соода жана инвестицияга көңүл бурсак, Улуттар Уюму суу маселеси менен иштешүүдө...

Ооганстан жана Пакистандагы опурталдуу жагдайга жана регондогу өлкөлөр арасындагы саясый атаандашууга карабай, акыркы жылдары Ооганстан үчүн стратегиялык жактан пайдалуу бир нече келишимге кол койулган.

Беш жыл мурда Тегеран-Кабыл арасында түзүлгөн келишим, Ооганстанга Ирандын Чабар порту аркылуу Инди океанына чыгууга мүмкүндүк берди. Чабар портун модернизациялоого Пакистан менен атаандашкан Индия да жардамдашты.

Пакистан болсо Чабар портунан бир нече жүз чакырым түштүктө Кытайдын көмөгү менен Гвадар деңиз портун курду. Бул порт Түштүк жана Борбор Азияга катар Кытайдын Пакистан менен чектеш Батыш чөлкөмүнүн тез өсүүсү үчүн да маанилүү.

Бул фактылар, Дүйнөлүк банктын эксперти Уильям Бирддин сөзүнө караганда, Ооганстандын “регионду туташтырган көпүрө болуу” мүмкүнчүлүгү чоң экенин күбөлөйт:

- Ооганстанда өтө динамикалуу өсүүгө мүмкүнчүлүгү бар жана чоң прогресске жетише алат. Атүгүл азыркы кырдаалда да экономикасы мыкты өсүүдө. Кооптуулук минималдык деңгээлге түшсө жана башкаруу жакшырса, Ооганстандын экономикасы өтө ылдам өсүп кетерине аябай ишенем.

Президент Обаманын “Ооганстан-Пакистан” боюнча жаңы стратегиясында да Кабыл-Исламабад мамилесин жакшыртууга өзгөчө маани берилет.

Серепчилердин айтышынча, Карзайдын идеясынын ишке ашыруудагы бурулуш кадам - Ооганстан жана Пакистандын жүктү транзиттөө жөнүндө келишим түзүү. Мындай келишим боюнча сүйлөшүүлөр 50 жылдан бери аягына чыкпай келет.
XS
SM
MD
LG