Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Талиптердин Ооганстанда БУУга таандык конок үйгө кол салуусун, талдоочулар тынчсызданткан окуя катары баалашууда. Бул окуя - ал жакта кырдаал чындап кооптуу экенин көрсөттү.

Андыктан Ооганстанга танапташ Борбор Азиядагылар коопсуздук маселесин дагы бир жолу ойлонуп, ооган маселесин чечүүгө иштиктүү киришүүлөрү керектиги айтылууда.

АКШ башында турган коалициялык күчтөр 2001-жылдан бери Ооганстандагы террорчулукка каршы операциясында миңге жакын аскерин жоготту. Дагы төрт миңдей аскери жаракат алды. Тынчы жок бул өлкөдө коалициялык күчтөрдүн талиптер менен алышып келаткан токсон миңдей аскери бар. Ага карабай эл аралык күчтөр Ооганстандагы кырдаалды көзөмөлгө ала албай келатышат.

Ооганстандын борбору Кабулда БУУга тандык конок үйгө кол салуу дагы бир жолу өлкөдөгү кырдаалдын кооптуулугун көрсөткөндөй болду. Кол салууну уюштурганын мойнуна алышкан талиптер мурдагыдай эле бат-бат кагылыштарга барып, мизи кайтпай келатат.

Өзбекстандык саясат талдоочу жана мурдагы дипломат Ташпулат Юлдашевдин пикиринде, сыртынан билинбегени менен Борбор Азия чөлкөмүндө диний экстремизм жана торрорчулуктун от алып кетүү ыктымалдуулугу жыл өткөн сайын артып баратат. Ага Ооганстан жана Пакистандагы кырдаал да себепчү болууда. Ал жактардагы диний радикалдык уюмдардын, талиптердин колдоочулары Борбор Азияда эбактан бери идеологиялык кыртыш түзүүгө аракет кылып келишет. Талдоочунун айтымында, андай аракет мечиттер аркылуу жүргүзүлүп, ошол эле күчтөр көп нерсеге көзү жете бербеген караламан калкты диндин аркасына жашынып башкарууну, курал катары колдонууну көздөшүүдө:

- Негизинен басымдуу бөлүгү Пакистан менен Ооганстанда турушкан фундаменталдык уюмдар Борбор Азия элинин аң сезимин ээлеп алуу жаатында иштерди бир топтон бери эле жүргүзүп келатышат. Мындайча айтканда Борбор Азия аймагын идеологиялык жана диний жактан акырындык менен толук басып алуу аракети толук иштеп атат. Бул жерде батыш өлкөлөрү Пакистан жана Ооганстандагы маалыматтык согушта жеңдирип коюшту. Себеби батыш эксперттери негизинен эле бул жактагы элдин салт-санаалары, дини, улуттук аң сезимдери жаатында адистешишкен эмес. Эл менен Аль-Каида, талиптер сыяктуу фундаменталдык уюмдар көбүрөөк иш алып барышууда.


Ташпулат Юлдашевдин айтымында, Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан буга карата алгач өз өлкөсү ичинде чара көрүүсү абзел. Динге жамынган уюмдар коомдун өнүгүшүнө жолтоо болуп, орто кылымды көздөй тартып атканын айткан талдоочу, Пакистан же Ооганстандын эмес, өнүккөн өлкөлөрдүн өнүгүү моделин тандоо керектигин баса белгиледи.

Кыргызстандык белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, дүйнөлөшүү заманында анча алыс эмес турган Ооганстан эле эмес алыскы өлкөлөрдөгү окуялар да өз таасирин тийгизип турат. Андыктан ал жактагы абалдын стабилдешүүсүнө Борбор Азиядагы мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан да иштиктүү көмөк көрсөтүүсү абзел:

- Ооганстандагы ахыбалдын бизге таасири тийип келатканына көп болду. Көптөн бери таасири тийип эле келатат. Ага карата чара көрөбүз деп эле келатабыз, бирок иштиктүү чаралар болбой атканын көрүп атабыз го. Жакында эле куралчан сегиз адам чек арабызды бузуп кирип келишти го. Демек чек арабыз жакшы кайтарылбай атат. Муну маалымат каражаттары да жазып, талкуулап атышат. Анан Ооганстандан келген маң заттарына бөгөт кое албай атабыз. Мунун укук коргоо органдары өздөрү деле айтып атат. Тескерисинче баңгилердин саны, баңги заттардын элге таралышы көбөйүп кетти.

Талдоочулар ошондой эле Ооганстан тараптан келип аткан коркунучтун дагы бирөө маң заттарынын транзити экендигин айтышууда. О.Молдалиевдин пикиринде, маң заттары бир тең, террор маселеси бир тең болуп, чек арасы анча жакшы кайтарылбаган Кыргызстанга кыйла кооптуулук жаратууда. Чек аранын жакшы кайтарылбаганы жакында эле Тажикстан тараптан куралчан топтун чек араны бузуп, бери карай кирип келишинен көрүнгөндөй болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG