Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:02

Карзай кандай жагдайда президент болду?


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Хамид Карзайдын колун кысып жатат. 2-ноябрь 2009-жыл.
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Хамид Карзайдын колун кысып жатат. 2-ноябрь 2009-жыл.

Атаандашы Абдулла шайлоодон баш тарткандыктан Карзай кайрадан Ооганстандын президенти болуп жарыяланышын кыргызстандыктар да кызуу талкуулашууда.

Маселен, талдоочу Талант Раззаковдун пикиринде, Хамид Карзайдын кайрадан президент болушун толук бойдон ооган элинин эрки менен байланыштырууга болбойт:

- Ооганстанга мен былтыр барып келгемин. Эл аралык күчтөрдүн коалициясы турат да азыр Ооганстанда. Ошолор мамлекетке жардам берип атышат. Алардын ишенген кишиси азыркы учурда Хамид Карзай. Мына ушул жагдай чоң роль ойноп кеткен болуу керек.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев чалкеш кырдаалда Ооганстан президенттигинин эки талапкери өз ара жашыруун сүйлөшүүгө барган болушу мүмкүн деп божомолдойт. Сүйлөшүүгө толук негиз бар. Абдулла Абдулланын энеси тажик болгон менен, атасы пуштун. Карзай да пуштун. Экөө бир командада иштеген кечээ эле. Пуштундардын таасирдүү, калыс адамдары да ортого түшкөн болушу ыктымал.

Абдулла Абдулланын экинчи айлампа шайлоого катышуудан баш тартуусунан деле чыныгы эл деп соккон жүрөктү көрүүгө болот дейт Орозбек Молдалиев. Анткени, ансыз дагы чыр-чатактар ашып-ташып аткан Ооганстанда маселени андан бетер ырбатпай, сылык-сыпаа шайлоодон баш тартышы – баарынан эл тынчтыгын бийик көргөндүк.

Талдоочу Талант Раззаков Ооганстандагыдай шайлоо кырдаалы Кыргызстанда болбойт деп кепил өтүүгө болбостугун айтат:

- Андай окшоштук жайлар болуп калышы ыктымал. Анткени, Кыргызстан деле кубаттуу мамлекет эмес. Ири державалардын таасири айрым учурларда болбой койбойт.

Орозбек Молдалиев өз кезегинде Ооганстан шайлоосунун айрым учкундары кечээки эле кыргыз президентин шайлаган учурда байкалгандыгын эске салды:

- Алмаз Атамбаевдер жарыялап жибербеди беле – биз шайлоодон баш тартабыз деп. Талапкерлигин ал учурда алууга болбосо да – Абдулла Абдулланыкындай кадам жасайбыз деп ниеттенишкен.

Эртең Хамид Карзай башкарып турган мамлекетте Абдулла Абдулланын мамлекеттик кызматка тартылышы же четте калышы да көп нерсени ачыкка чыгарары ырас.

Ооганстан: Абдулла шайлоодон баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

XS
SM
MD
LG