Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Борбор Азияда бөкөн кырылып калды


Кыргызстанда сейрек кездешчү жаныбарларды браконьерлер жок кылып жатышат
Кыргызстанда сейрек кездешчү жаныбарларды браконьерлер жок кылып жатышат

Жаңы изилдөөгө ылайык дүйнөдө бөкөндүн түрлөрүнүн төрттөн бири кырылып жок болуу алдында турат. Борбор Азияда да алардын саны кескин кыскарып кеткен. Кыргызстандагы адистер өлкөдө жоголуп бараткан башка жаныбарларга да аяр мамиле жасалбай жатканын айтышууда.

Дүйнөдөгү жаныбарлардын ичинде сүт эмүүчүлөрдүн эң эле кызыктуу түрү делген жейрендер Орусиянын Калмык республикасында, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда көп кездешчү. Бирок акыркы 10 жылдын ичинде алардын саны 80% кыскарып кетти.

Дүйнөдө айлана-чөйрөнү коргоочу жүздөгөн уюмдардын башын бириктирген атайын Эларалык Кеңеш бар. Анда антилопа, же бөкөндөр, боюнча адистердин тобун Дэвид Маллон (David Mallon) жетектейт. Бөкөндөрдүн кыскарып кеткенин ал “адамдарга эт жетпей калганы” менен түшүндүрдү.

“Советтер Союзу кулаган 1991-жылдан берки экономикалык кризис региондогу элдерди жаратылыш ресурстарын, анын ичинде, сайгак бөкөнгө окшош сейрек кездешүүчү жаныбарларды да, эт үчүн өлтүрүүгө мажбур кылды, - дейт эксперт. - Экинчиден, бөкөндөрдүн эркегинин мүйүзү кытай медицинасында өтө балуу деп эсептелинет. Андыктан көпчүлүгү мүйүзү үчүн да жок кылынган. Эркек бөкөндөр азайып кеткендиктен алардын саны андан ары көбөйбөй калды”.

Кытайда бөкөндүн мүйүзүнүн бир килограммы 100 доллар турат. Айлана чөйрөнү коргоо боюнча эларалык кеңеш 2002-жылы бул жаныбарды Кытайда такыр жок болуу коркунучу алдында турат деп билдирген.

Аталган кеңештин жаңы баяндамасында айтылгандарга караганда, дүйнөдөгү 91 мамлекеттеги бөкөндүн 25 түрү такыр жок болуп кетиши мүмкүн. Азиядагы абал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, - дейт Маллон.

Борбор Азияда бул жаныбардын бир түрү - жейрен - кеңири кездешчү. “Казакстанда мурда жейрен он миңдеп саналчу. Азыр болгону 10-15 миңдей эле калган. Түркмөнстанда кескин азайып кетти. Өзбекстанда 2-3 миңдей эле калса керек. Кыргызстан менен Тажикстандын ар биринде болгону 100дөн эле жейрен бар деп айта алабыз. Бирок бул эки мамлекетте жейренге отурукташууга ылайыктуу жай аз, анткени тоолуу аймак деп эсептелинет”.

Маллондун айткандарына кыргызстандык эксперт, Улуттук илимдер академиясынын Зоология институтунун илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков да кошулат. “Жейрен боюнча маалыматка кошулам. Учурунда Ысык-Көл жана Баткен облустарында бул жаныбар көп эле санда кездешчү. Бирок Ысык-Көлдө аны азыр толук кырып жок кылышкан. Тажикстанда болсо азыр жейренди сактап калууга бир топ эле дурус аракеттер көрүлүп жатыптыр. Мен өзүм изилдөө учурунда барып, көрүп келдим. Бизде болсо 100-150 тегерегинде эле калды жана Кызыл китепке киргизилген”.

Аскар Давлетбаков өзү Кызыл китептин авторлорунун бири. Бул китепке кирген жаныбарлардын ичинде, өзгөчө, илбирс, аюу, мадыл, кундуз жоголуу коркунучу алдында турат деп киргизилди.

Жоголуп бараткан жаныбарларга бугу да кирет. Кыргызстанда азыр Нарындагы корукта гана 250-300дөй бугу калган.

Аскар Давлетбаковдун айтымында, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жоголуп баратышына биринчи кезекте браконьерлер себеп болуп жатат.

“2008-жылдын январында биз 50дөй аркарды өлтүргөн браконьерлердин тобун кармап, Башпрокуратурага өткөрүп бергенбиз, - деп сөзүн улантты адис. - Башпрокуратура алардын ишин Аскерий прокуратурага өткөрүп берген. Эч ким бул тууралуу ачык айтып чыккан эмес. Маселе ошо бойдон жабылып калган эле. Кийин ошол эле браконьерлер кайра баягы аймакка келип, аркарга мергенчилик кылып жүргөнүн угуп калдым. Жаратылыш каракчылары бизде өтө эле өнүгүп кеткен. Жаныбарлардын азайып баратышына башка себеп да браконьерлер болуп жатат. Аркарларды, эң оболу, эт алыш үчүн өлтүрүшөт. Азыр Нарында аркардын эти базарларда эркин эле сатылат, кафелерде сизге бышырып беришет. Муну ал жактагы инспекторлордун баары билишет. Мен алардан “Эмне үчүн ага каршы иштебейсиңер?” деп сурадым. Көрсө, алар бир аз эле көзөмөлдү башташса, прокуратура да, милиция да келип, ар тараптан кыса башташат экен. Аягында инспекторлор “Макул, биз эч нерсени көргөн жокпуз” дегенге мажбур болуп жатышат”.

Мына ушул жагдайды эске алып, Аскар Давлетбаков өлкөдө бул жаатта мыйзамдын аткарылышын талап кылуу зарыл экенин белгиледи. “Мамлекет, бир чети, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам чыгарат, экинчи жагынан, аны жок кылууга лицензия берет”, - деп зээни кейигенин айтат адис.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG