Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:05

Ички Монголияда Алтаистика шеринеси өтүп жатат


Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын кезектеги жылдык отурумунун катышуучулары.

Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын кезектеги жылдык отурумунун катышуучулары.

Кытай Эл Жумуриятынын Ички Монголия автоном аймагынын борбору Хух-Хотодо Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын кезектеги жылдык отуруму өтүүдө.

Шейшембиде соңку илимий баяндамалар ортого салынып, айрымдары кызуу талкууга алынды. Түрк, монгол, тунгус, манжур, корей, жапон тилдерин жана маданияттарын салыштырган ар кыл баяндамалардын арасында кыргыз жана фу-йү кыргыз тилдерине жана этностук тарыхына арналган билдирүүлөр да болду.

Эл аралык туруктуу алтаистика жыйынынын (PIACтын) быйылкы 52-жылдык шеринеси Хух-Хотодогу татынакай “Шангри-Ла” конок үйүндө өтүп жатат.

Немис профессору Барбара Келлнер-Хайнкеле.
PIACтын баш катчысы, немис профессору Барбара Келлнер-Хайнкеле (Barbara Kellner-Heinkele) алгачкы ирет Ички Монголияда өтүп жаткан илимий шериненин жергиликтүү уюштуруучуларына коноктордун, чет өлкөлүк чыгыш таануучулардын атынан терең ыраазычылык билдирди.

- Менимче, бардыгыбыз тең ушул жерге келгенибизге сүйүнүп турабыз. Биз бул жерде ыракаттанып жатабыз. Биз бул жакка өздөрүбүздүн идеяларыбызды, пландарыбызды ортого салып, өз ара пикир алмашуу үчүн чогулдук.

Келлнер-Хайнкеле айым PIACтын шеринелери АКШ менен Европадан тышкары Ташкенде (1986) жана Алматыда (1992) да өткөнүн эске салып, улам Чыгыш Азияга сүңгүү менен алтаистика адистери мурдагыдан да алда канча кеңири илимий “жайытка” ээ болуп жатканын баса белгиледи.

Быйылкы PIACтын шеринесинин президенти, ички монголиялык профессор Хугжилту (Hugjiltu) мырза кыргыз таануу жаатында илимий баяндама менен чыкты. Ал Кытайдын түндүк-чыгышындагы тарыхый Манчжурияда, Хэйлунцзян аймагынын Фу-Йү үйөзүндө байырлап жаткан азганактай фу-йү кыргыздарынын терминдерин Кыргызстандагы жана Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагындагы тарыхый боордошторунун терминдери менен салыштырган эмгегин сунуштады.

- Кытайдын Хэйлунцзян вилайетинин Фу-йү ооданында 116 түтүндүү 614 кыргыз байырлайт, - деп белгилеген профессор Хугжилту мырза бул кыргыз топторун көөнө тарыхый тамыры бир элдер катары сыпаттаганда, Марсел Эрдал жана Мехмет Өлмез деген эки түрк окумуштуусу ага каршы чыгып, фу-йү кыргыздары хакастарга гана жакын деп айтышты.

Быйылкы PIACтын шеринесинин президенти, ички монголиялык профессор Хугжилту.
Биз да бул талкууга катышып, азыркы хакастардын өздөрү да орто кылымдардагы эне-сай кыргыздарынын калган-катканы экенин, ал түгүл хакас этноними да “кыргыз” –деген сөздүн ханзуча хягасы, цзя-за-сы түрүндө айтылган эски түрүн азыркы Хакасиядагы боордошторубузга жергиликтүү аткаминерлер 1922-23-жылдары “хакас” деп жаңылыш таңуулап салганын улам келип чыкканын, ал эми 18-кылымдын башына чейин Эне-Сайда Кыргыз улустары өздөрүнүн мамлекеттик түзүлүшүн сактап келгенин эскерттик.

Орто кылымдардагы кыпчактар да аймагы жагынан Алтайдан Ортоңку Европа (Мажарстан) жана Мысрга (Египет) чейин жетип, тили-дини айырмаланган топторго жиктелгенин, бирок алардын башаттык тарыхын эч ким четке какпастыгын айттык.

PIACтын жыйыны Кытайдын Ички Монголия аймагынын өнөрпоздорунун концерттери менен коштолууда
Андан соң түрк окумуштуулары мындай кеңири тарыхый түшүндүрмөгө каршы эмес экендигин, азыркы диалекттерди жана тилдерди салыштырган тилчи катары гана пикир айтышканын белгилешти.

PIACтын жыйыны Кытайдын Ички Монголия аймагынын өнөрпоздорунун татына концерттери менен коштолууда.








пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG