Бул тууралуу Чүйдөгү учак кырсыгынын себептерин иликтеген мамлекеттер аралык комиссиянын төрагасы Леонид Каширский премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди. Каширскийдин маалыматы боюнча, учурда комиссия эксперттери иликтөөнү жыйынтыктап жатат. Жакынкы аралык бардык маалыматтар кыргыз коомчулугуна берилет.
16-январда таңга жуук "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ айылына түркиялык Мy Cargo компаниясынын жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулаган. Андан 39 адам каза болду. Алардын ичинде учак экипажынын мүчөлөрү - төрт түрк жараны бар.(BkA)