Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

БШК: КСДП Жалал-Абаддагы шайлоого катышат


Иллюстрация
Иллюстрация

Борбордук шайлоо комиссиясы "Жалал-Абад шаардык кеңешке бараткан КСДП партиясынын шайлоо тизмегинде мыйзам бузуучулук бар" деген бир катар партиялардын арызын четке какты. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

БШК “аталган кемчиликтер партиянын тизмеги расмий түшкөндөн тарта 24 сааттын ичинде Жалал-Абад АШКсы тарабынан каралышы керек болчу” деп белгилеп, учурда кароо мөөнөтү өтүп кеткендигин кошумчалады.

Буга чейин “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата-Журт” партиялары Жалал-Абад шаардык кеңештин шайлоосуна катышып жаткан КСДП партиясынын тизмеги гендердик баланс сакталбастан куралганын айтып, Жалал-Абад шаардык Аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

Жалал-Абад АШКсы 2-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, партиялардын арызын негиздүү деп таап, КСДП партиясынын тизмесин жокко чыгарган токтом кабыл алып, БШКга жөнөткөн.

Отурумда Жалал-Абад АШКнын төрайымы Бактыкан Нуралиева КСДП партиясынын шайлоо тизмегиндеги кемчиликтерди өз моюнуна алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG